Биздин жайыт (сайт) жөнүндө

  • Сиз бул жайыттан (сайттан) биздин мектеп жөнүндө, андагы кайнаган турмуш, мугалимдер, окуучулар туурасында, алардын чыгармалары, фото сүрөттөрү, видео тасмалары менен тааныша аласыз. Өзүңүз аралашып, өз туйгуларыңызды, пикирлериңизди жарыяласаңыз да болот. Куш келиңиз биздин жайытка!
  • Хозяин сайта:
    Айтмырза Абылкасымов

Билдирүүлөрдүн түрү жана саны



Биздин мектеп тууралуу маалымат

                               

                                                               “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң!..”

                                                                  Кыргызда ушундай айтым бар.

                                                                  Кол чапкын жабыла, досторум,

                                                                 Анткени, өзүңдүн сайтың бар!!!

                                                                                         А. Абылкасымов

                                   

         Биздин мектеп-Аксы районундагы Бозбу тоосунун өңүрүндө жайгашкан. №11 Т. Мавлянов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп. Мектепте 70тен ашык мугалим эмгектенип, 1100 жакын  окуучу билим жана тарбия алышат. Мугалимдердин 17си "Эл агартуунун отличниктери", 29 жогорку категориядагы, 15 мугалим 1-категориядагы, 8 мугалим 2- категориядагылар болуп саналат. Мектепте окуу Мамлекеттик тилде-кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мектептин имараты 1970-жылы пайдаланууга берилген. Анда 22 предметтик бөлмө бар. Алар учурдун талабына ылайык жабдылган. Мектепте 50 орунга ылайыкташтырылган ашакана иштейт.

   Адабий көркөм чыгармачылыкка шыктуу окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүү максатында "Тамчы" аттуу адабий көркөм ийрим уюшулган. Анда ай сайын чыгуучу "Тамчы" аттуу дубал гезит ийримдин мүчөлөрүнүн чыгармаларын өз бетинде жарыялап турат. Ал эми жылына бир жолу ошол ийримдин катышуучуларынын ырлары, аңгемелери, драмалык чыгармаларынан түзүлгөн китеп чыгаруу иши салтка айланган. Азыркы күндө мектептин мугалимдеринин, окуучуларынын адабий көркөм чыгармалары (ырлар, аңгемелер, чакан сценкалар) кирген "Тамчы" (2007-жыл), "Темир канат" (2008-жыл), "Шоола" (2009-жыл) аттуу китептерди мектептин китепканасынан алып окусаңыз болот. Андан башка  музыка жана орус тили, адабияты мугалимдери С. Түгөлбаев менен Г. Уметалиева "Кош жылдыз" (ырлар. 2008-жыл), мектептин 2008-жылдагы бүтүрүүчүсү Д. Шамшидин кызы "Кыз кыялы" (ырлар. 2008-жыл). кыргыз тили жана адабияты мугалими, "Жылдын мугалими-2008" кароо-сынагынын райондук турунун жеңүүчүсү Ч. Анарбаева "Сизге белек" (ырлар жана аңгемелер. 2008-жыл), мектептин директору Т. Болушованын "Издеп келем" (аңгемелер. 2009), мектептин 2009-жылдагы  бүтүрүүчүсү А. Абдихалил кызы "Кыздын сыры" ( ырлар. 2009-жыл) китептери да ушул жердеги "Менбас" тан жарык көргөн.

 

  Андан башка "Интернет-клуб" жана фотостудия бар. Тигүүчүлүк, кулинария боюнча атайын ийримдерде кыздар өз устаттыктарын өстүрүшөт.


_____Саат_______Бүгүн_____Календарь_____


Кыргызстандагы аба ырайы Кыргызстандагы аба ырайы Кыргызстандагы аба ырайы Кыргызстандагы аба ырайы

Радио ук!


RSS тасма


БИЗДИН ӨНӨКТӨШТӨР http://aakd1.mirtesen.ru

Мейман китеп

ералы мадишов
ералы мадишов 27
24 янв, 16:17
Dostor 11 mektepten biroo jarym barby...("--)...

Аня Тополева
Аня Тополева 3
2 июл 11, 21:26
Mikhail andrusiakm

nimal4u nimal
nimal4u nimal 2
22 май 11, 17:06
Hi Dear
My name is miss Nimal i saw your profile today at bozbu2009.mirtesen.ru and became intrested in you,i will also like to know you the more,and i want you to send an email to my email address so i can give you my picture for you to know whom i am.
Hered is my email dress,(buba_nimal@yahoo.com)
I believe we can move from here!
I am waiting for your mail to my email address above.
Nimal.
(Remeber the distance or colour does not matter but love matters alot in life)


buba_nimal@yahoo.com

please reply me with my email

нурзада алимырзаева
нурзада алимырз… 32
21 май 11, 12:57
классташтарымды 10жылдык кечеси менен куттуктайм баарынарга ийгилик уй булолук бакыт каалайм

Айтмырза Абылкасымов
Айтмырза Абылка… 83
9 апр 11, 19:17
Жылуу сөзүң үчүн, жакшынакай каалооң үчүн чоң ырахмат, Арстан! Сенин да иштериңде ийгиликтер жылоолосун!


Сурамжылоо


Биздин жайытка Сиздин бааңыз:
 
 
 
 
результаты