На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Дидар

204 подписчика

"Ыр кеседеги" тамашалуу ыр

2011-жылдын 4-майы күнү Т. Мавлянов атындагы орто мектепте 7-в класстын окуучуларынын «Ыр кесеси» болду. Бул ыр ошондо окулду.

 

Ким айтат: «Бул турмушта түйшүк көп, ыр аз!»

Буга макул болбосок да болот бир аз.

Аны бүгүн өткөргөн «Ыр кесеси» менен далилдеди,

Биздин  мектептеги 7-в класс!

 

Турмуш оор, кыйынчылык да көп, ал-ырас!

Ага көңүлдү көтөрүп, ыр-күү менен гана керек чыдаш.

Андыктан, «Ыр кесе» уюштуруп, туура иш башташты бүгүн,

Биздин мектептеги 7-в класс.

 

Кээ бир окуучулардын мойнуна минбегенде жалкоолук деген жылас,

Бул жаман жорук мурункулардан болбогондо мурас.

Мектептеги эң алдыңкылардын катарында болмок сөз жок,

Ушул биздин 7-в класс.

 

Бул жакшы жөрөлгөнү бузбай, керек го улаш,

Ар бир окуучу шыгын өстүрүп, эл алдында зарыл сынаш.

Буга кантип жооп берет экен көрөлү эми, достор,

«Ыр кесени» алган 7-а класс?!!

Картина дня

наверх