На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Дидар

204 подписчика

Арман

 (аңгеме-тамсил)

   Жөжө короз энеси мекиянга нааразычылыгын билдирет имиш:

-Мага жерде кык тытып, курт-кумурска терип жебей, бүркүт болуп шаңшып көктө учуп жүрүү гана ылайык эле, а сиз болсо мени тоок жөжө кылып ачып салыпсыз…

  Анда энеси:

 -А, балам, күнөө менде эмес, күнөө-короз атаңда…Убагында үстүмөн канчалаган бүркүттөр шаңшып айланып учушпады дейсиң… Апапакай болуп андагы апаңды көрсөң эле…Ошолордон кызганып, баарыбызды үйүрүп айдап, бүжүрөтүп, далдадан чыгарбай койбодубу!... Болбосо, сен да азыр көктү жиреп, асманда учуп жүргөн болот элең, чиркин!

  Анда жанагы жөжө короз түнөктүн бийигирээк жерине чыгып барып:

-Эх! - деп алып, тээтиги алыстан көрүнгөн ак карлуу тоолордун баштарын бир карап, анан көктү бир карап, канаттарын каккылап күүлөнө: Ку-кер-куу! - деп баратып эле үнү буулуп чыкпай калып, өзү отурган түнөктөн кулап кетип, кайра тура калып, силкине чаңын кагып, нарыга басып кетти дешет көргөндөр.

  Анын тоок башына бүркүт болуу ою кайдан келе калган, ким билди дейсиң?!.

 

Картина дня

наверх