На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Дидар

204 подписчика

Эл байлыгы

”-Мага 10 лампочка берчи.
-Бир...эки...мына, 10 лампочка.
-Буларыңдын ичинен брагы чыкпайбы?
-А эми, аксакал, арасынан бир-экөө кээде чыгып калат...
-Анда булардын сегизин гана бер.
-Эмне болду, аксакал?
-Эки брак лампочкаңды башыма урамбы, кызык...”
Айылдагы дүкөндүн сатуучусу менен алармандын баарлашуусу.


    Ал жоош окуучулардын тизмесинде жүрчү. Бир күнү эле ”оңолбостордун” катарында айтыла баштады.
    Мунун баары пионер вожатыйдын сөзүнөн башталды. Ал сүйлөп жатып: ” Балдар, электр энергиясын үнөмдөө керек. Күндүзү күйүп турган бир лампочка 10-15 сомдук зыян келтирет. Ошондо бир жылда 365 күн болсо, аз эле дегенде 3650 сомдон ашык элге, мамлекетке зыян болору көрүнүп турбайбы. Ал эми он, же жыйырма лампочка болсочу?.. Биз пионер болсок, анан ушуга кантип жол беребиз? Карайлы да..."-деп сөзүн чакырык менен аяктады.
   Ошол күндөн баштап, ал көчөлөрдү түнкүсүн жарык кылып турчу, бирок, электриктердин шалакылыгы менен күндүз өчпөй кала берчү, зым карагайлардын башындагы лампочкаларга ууга чыга баштады. Оболу абдан түз тийгидей рогатка жасады. Анан күндүз күйүп, өчпөй калган лампочкаларды атып кирди. Эсеп так болсун үчүн ар бир атылган лампочка, анын кубаттуулугу, алар атылган соң канча сомдук зыян алдын алынгандыгынан бери эсептелип, атайын каттоо дептерге жазылып турулду.
Дептерде катталган лампочкалардын саны о, итабар болуп калганда гана ”элдин мүлкүнө зыян келтирип жүргөн (атылган лампочкалар да элдин мүлкү да...) зыянкеч колго түшүп, ачыкка чыкты.
     Аны менен класс жетекчисинен баштап, директордун орун басары, а тургай директордун өзү да сүйлөшүп, анын жасаганы туура эмес экендигине ынандыра алышкан жок. Кичине чочуур бекен деп, милициянын өспүрүмдөр менен иштөөчү кызматкерин да ишке салып көрүштү. Андан да майнап чыкпады.
     Бардык сүйлөшкөндөргө анын жообу бир эле: ”Зыянкечтиктен элдин байлыгын коргогонум коргогон. Мектептен чыксам да, камашса да баары бир бул жолдон кайтпаймын...”

Бул окуя эбак жарыгы өчкөн тээ совет доорунда болгон эле.

-Азыр көчөдөгү лампочкалар менсиз деле күндүзү эмес, түнкүсүн да күйбөй калбадыбы...-деп, мурутун чыйратып, күлүмсүрөп койду ал.

Картина дня

наверх