Ата-энелер чачып турган нур сыяктуу,
Ата-энелер бүчүр алган гүл сыяктуу.
Чоңойтушат эрезеге жеткиришет,
Эч кимден кем кылбастан өстүрүшөт.
Бул дүйнөдө эң ыйык зат-ата-энелер,
Алардын айткан сөзүн ыйык деп билиңер...
Кудайым бир тилекти сура десе,
Сурарым картайбасын ата-энелер!