Бактыңды бала окутканыңдан айтсын,
Мээнетиң окуучуларыңдан кайтсын.
Добушуң булбулдан угумдуу болсун,
Дарсың окуучуңа жугумдуу болсун.
Ажайып болсун ар бир өткөн сабагың,
Асти бүркөлбөсүн ажарлуу кабагың.
Кем болбо бул дүйнөдө эч пендеден,
"Устатым!"деп башын ийсин МЕН деген.
Көрбөй тургандарга көз болуп бер, ылайым,
Кекеч менен дудукка сөз болуп бер, ылайым.
Дүлөй жандын угуусуна кулак болгун, ылайым,
Дүйнө тааным билимге булак болгун, ылайым.
Окуучуңдун алдында жүзүң жарык болсун,
Оомат кушу башыңа өзү барып консун.
Айлыгың азыркыдан алда канча көп болсун,
Алагды кыла турган көйгөйүң жок болсун.
Билсин сенин кадырыңды бийликтегилер,
Болбогондугун сенсиз өзүндөгү ийгиликтер.
Коомдо жаша сенин татаал кесибиңди түшүнгөн,
Кудай айрыбасын соолугуңдан, билимиңден, күчүңдөн,
ошондой-ак жандай көргөн мугалимдик ишиңден,
өңүңдө эмес, кетпей жүрчү түшүңдөн...
Айткан кебиң айыктырсын жараланган сезимди,
Сыймык менен эске салсын сенин айткан сөзүңдү.
Колуңдан боруң менен калемсабың түшпөсүн,
Мугалимдик ыйык сапарың бүтпөсүн.
Өлбө, МУГАЛИМ, дайыма бар бол,
Окуучуларыңа ордолуу шаар бол!